Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоону парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйынында билдирди, деп жазат «Азаттык».
«Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоону бириктирип өткөрсөк туура болот. Анткени бүгүнкү кырдаал ушундай болуп жатат»,-деди ал.
Турускулов пандемия шартында эки шайлоону бир күндө өткөрсө бюджеттен кеткен чыгым да азыраак болмок деп эсептейт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова казынадан парламенттик шайлоого 560 млн. сом, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 56 млн. сом бөлүнгөнүн айтты. Жергиликтүү кеңештерге бөлүнгөн акчанын 24 млн. сому коротулганы белгилүү болду.
«Жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону чогуу өткөрсөк, акча үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок башка маанилүү жагдайлар да каралыш керек. Эгерде жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 30-ноябрга чейин аяктаса, шайлоо кийинки жылдын октябрь айынын биринчи дем алыш күнү өткөрүлөт. Эгерде ошол жылы президенттик же парламенттик шайлоо болсо шайлоону бир күндө өткөрсө болот. Бирок быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоо апрель айынын биринчи дем алыш күнү өтүш керек болчу. Ал өзгөчө абалга байланыштуу токтотулуп калды. Ошондуктан укуктук жактан караганда азыркы окуя башкача абал болуп турат», — деди Шайлдабекова.
БШКнын төрайымы эки шайлоону бир өткөрүү пандемия учурунда адамдардын ден соолугуна кандай тобокелдик бар экени анализденгенден кийин гана кабыл алынышы керек экенин айтты.
Эки шайлоону бир өткөрүү сунушун башка депутаттар Марлен Маматалиев менен Нурбек Сыдыгалиев да колдоду.
Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерин шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тартып үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак.
Коопсуздук кеңешинин 21-марттагы чечими менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулган. Ага ылайык, шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталган соң шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат.
Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.