Вирус жуктургандар менен байланышта болгондордун саны 11 миңден ашты

Автор -

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-июнга карата маалыматына ылайык, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 3 808 адам коронавируска текшерилип, алардын ичинен 95 адамдан илдет табылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 657 учурга жетти. 1 933 адам илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Вирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 217 адам.

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 569 адам жатат.

Учурда стационарда 693 адам бар, алардын ичинен алтоо — реанимацияда. 31 адам каза тапты.