Дагы бир бейтап каза болду. Ал «Теплые ключи» санаторийинде эс алган

Автор -

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1965-жылы туулган эркек киши 25-майдан бери «Теплые ключи» эс алуу жайына барып, бээнин сүтүн ичип жүргөн. 30-майда дене табы көтөрүлүп, медициналык мекемелерге кайрылган. Ал жактардагы дарылоо жыйынтык бербегендиктен, коронавируска күмөн саналып, 7-июнда Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырылган.

«Бейтапта эки тараптуу пневмония болгон. Ошол эле учурда дем алуу жетишсиздиги болуп, курс респиратордук синдром болгон. Жүрөк оорусу да бар экен. Аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуп, бардык реанимациялык шарттарды көргөнүбүзгө карабай, ал-ахыбалы оорлошуп, кечээ каза тапты», -деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.

Жалпы каза болгондордун саны 32 кишини түздү.