Лейлекте эркек киши бөтөлкөлөшүн бычактап салды

Автор -

Лейлекте эркек киши бөтөлкөлөшүн бычактап салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15-июнь күнү Лейлек РИИБне Исфана шаарында киши өлтүрүлгөнү тууралуу кабар түшкөн. Аталган жерге Лейлек РИИБнин жетекчилиги ыкчам тергөө тобу менен барган.

«15-июнь күнү болжол менен саат 16:50 чамасында Исфана шаарынын 41 жаштагы тургуну Ж.Б. тааныштары 49 жаштагы Б.А. жана 41 жаштагы М.Б. болуп үчөө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Пикир келишпестиктен өз ара айтыша кетишип, 41жаштагы Ж.Б. колундагы бычагы менен 49 жаштагы Б.Анын денесине, моюнуна бычак сайып өлтүрүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Жогорудагы аталган факты Лейлек РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми алынган заттарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп жазылат анда.

Кылмыштын изи сууй электе Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы Ж.Б. качып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген

Бөлүшүү