Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жугузуп алды

Автор -

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал  социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Ушул дем алыш күнү дене табым жогору болгондугуна байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткам. Эртеси жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле дарыгерлер менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын байланышта болгон Парламенттин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанциялык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин бардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот», — деп жазды Нуракун уулу.