КТРК кызматкерлери коронавируска шектелүүдө, — ЖМК

Автор -

Коомдук телерадиокорпорациясынын бир нече кызматкери коронавирус жуктуруп алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу телеканалдын жетекчиси Жайнак Үсөн уулу билдирди, деп жазат Sputnik агенттиги.

«Коронавируска шектенүү бар. Кечээ кызматкерлерибиз ПЦР тест тапшырышты. Телерадиокорпорациянын ишине бул эч кандай таасир этпейт. Кырдаалды башынан эле эске алып, бир топ кызматкерлерди аралыктан иштөөгө жөнөткөнбүз», — деген Үсөн уулу агенттикке.

Кыргызстанда акыркы бир суткада 205 кишиден коронавирус табылып, жалпы саны 3 356га жетти. Анын ичинен 2 021и айыгып, 40 киши каза тапты.