Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Алардын бири− 1952-жылкы аял киши− Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасынан каза тапкан. Экинчи бейтап дагы 68 жашта болгон. Ал жаран Талас аймактык ооруканасында каза тапты. Ал эми Ноокен аймактык ооруканасынан 60 жаштагы аял киши көз жумган.
22-июнга карата жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 40 кишини түздү.