Ош облусунун Өзгөн районундагы жол кырсыгынан 3 киши каза таап, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 21-июнь күнү Салам-Алик айыл аймагынын Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 52-чакырымында болгон. Анда Daewoo Tico үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине КР ӨКМнин Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматы Мырзаке айылындагы ооруканага жеткирген.