Жалал-Абад шаардык мэриясы карантинге жабылды

Автор -

Жалал-Абад шаардык мэриясы 22-июндан тартып карантинге жабылды. Бул туурасында журналисттерге мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«18-июнда шаар мэри Мураталы Тагаевден коронавирус илдети аныкталып, эртеси күнү мекеменин элүүдөй кызматкери анализ тапшырышкан. ПЦР-анализдин жыйынтыгы дагы 3 кызматкерде илдет бар экенин тастыктады. Оору аныкталган кызматкерлерде илдеттин белгилери байкалбай өтүп жаткандыктан, үй шартындагы карантинде болушат.

Калган кызматкерлер дагы үй карантинине жөнөтүлдү. Мэрия аралыктан иштөөнү улантат, ал эми штаттык режимде качан иштей турганы азырынча белгисиз», — деди маалымат катчы.


Бөлүшүү