АКШ жумуш визаларын берүүнү убактылуу чектейт

Автор -

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп айрым чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде жогорку квалификациядагы адистерге АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салган жаңы буйрукка кол койду.

Бул чечим АКШда коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон массалык жумушсуздукка каршы күрөшүү максатында кабыл алынды.

22-июнда кол коюлган буйрук жыл соңуна чейин күчүндө калат жана анын кесепети 525 миңдей адамдын грин картасына тийиши мүмкүн.

Жаңы чектөөлөргө жогорку квалификациялуу адистерге берилчү H-1B визасынын ээлери, убактылуу жумуштарда эмгектенген H-2B жана J-1 визаларынын ээлери жана ошондой эле L-1 визасы менен АКШга барып иштеп жүргөндөр кабылат.

Май айында АКШда жумушсуздуктун деңгээли 13,3 пайызга өскөн. Жыл башында бул көрсөткүч 3,5% болчу. Ишсиз калган америкалыктардын саны өткөн айда 21 миллионго жетти.

Бостондогу Федералдык резервдик банктын президенти Эрик Розенгре 22-июнда билдиргендей, жылдын экинчи жарымы күтүлгөндөн дагы оор болушу мүмкүн, анткени коронавирустун жайылуусу жетиштүү түрдө ооздуктала элек.