КР Омбудсмен институтунун бөлүм башчыларынын бири коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кызматкер учурда обочолонуу шартын сактоодо. Ал эми Акыйкатчынын аппаратынын иши санитардык-тазалык эрежелерин сактоо менен толук кандуу жүрүп жатат.
«Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагына өзгөчө же аскерий абал киргизилген маалда да Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү улана берет», — деп эскертишет мекемеден.
Учурда кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштеп жатышат, бирок күн сайын иш учурунда аппарат адистери нөөмөт менен ишке келишүүдө.
«Ошондой эле арыздануучулар «115 ыкчам байланышына» чалса болот. Түн ичинде чалуулар атайын программага сакталып калат да, эртеси сиздер менен Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери же «Ыкчам байланыштын» операторлору байланышка чыгат», -дешет Омбудсмен институтунан.
Андан сырткары, жарандар өз арыздарын КР Омбудсмен аппаратына почта байланышы аркылуу (Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дарегине), же электрондук почтага ombudsman@inbox.ru болбосо http://ombudsman.kg сайты аркылуу жөнөтө алышат.