2020-жылдын 23-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 163 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Бишкек ш. – 94
Чүй облусу — 22
Ош ш. – 16
Жалал-Абад облусу – 13
Ош облусу – 9
Нарын облусу – 7
Баткен облусу – 1
Талас облусу – 1
Республика боюнча илдет жуктуруп алгандардын саны 3 519 адамга жетти. Алардын ичинен 2 054 киши айыгып чыкты.