Батукаевдин иши. Индира Жолдубаева жана башкаларга чыгарылган өкүм

Автор -
@Kaktus.media

Бүгүн, 23-июнда, Бишкектин Биринчи май райсотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишин кароо жыйынтыкталды, деп жазат Kaktus.media.

Сотто экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, врач Абдухалим Раимжанов, ЖАМК башчысынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев акыркы сөзүн сүйлөштү.  Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөөдөн баш тартты.

Чыгып сүйлөгөндөр өздөрүнүн күнөөсүз экенин, далили жок айыпталып жатышканын билдиришти.

Кеңешүүчү бөлмөдөн чыккан соң судья Эмилбек Кайыпов Индира Жолдубаеваны 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Калыбек Качкыналиевди эки жылга эркинен ажыратууга өкүм кылып, бирок камакта отуруу мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулду.

Абдухалим Раимжановду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыштын мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу ага жаза берилген жок. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга кесилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү