Бир суткада 22 медкызматкер оору жуктуруп, экөө айыгып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү маалымат жыйыны учурунда белгилүү болду.

• Бишкек ш. – 11
• Чүй облусунда – 9
• Ош ш. – 2
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 2 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 604 учур катталды, алардын ичинен 389 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.