Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Эркештам — автожол» өткөрүү бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен, Кытай Элдик Республикасында «Күрүч майрамын» майрамдоого байланыштуу жабылды.
25-июндан 28-июнга чейин аталган бекеттен жүк өткөрүүгө болбойт. 29-июндан тарта «Эркештам — автожол» өткөрүү бекети өз ишин жандантат.
Эскерте кетсек, «Эркештам автожол» өткөрүү бекети 2020-жылдын 15-апрелинде тийиштүү алгоритмдин негизинде, Кытайдан Кыргызстанга жүк өткөрүү үчүн гана ачылган.