2020-жылдын 24-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 207 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Бишкек ш. – 92
Чүй облусу — 35
Ош ш. — 43
Ош облусу — 28
Нарын облусу — 5
Жалал-Абад облусу — 1
Ысык-Көл облусу — 2
Талас облусу — 1
Республика боюнча илдет жуктуруп алгандардын саны 3726 адамга жетти.