Министрлик: Коронавирус менен кайрылгандар көбөйдү. Абал чыңалууда

Автор -
386

Бишкек шаарына калкты тейлөө үчүн 106 мобилдик топ керек болсо, учурда 38 топ гана иштеп жатат. Бул туурасында бүгүнкү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавирустун симптомдору менен кайрылгандар көп болуп, мобилдик топтордо абал чыңалууда. Бул маселени чечүү үчүн, Саламаттык сактоо министрлиги атайын алгоритм иштеп чыкты. Ага ылайык, эми дене табы 38°С ашпай, оорунун белгилери билинбей өтүп жаткан бейтаптар амбулатордук үй шартында дарыланышы керек. Алар ооруканаларга жаткырылбайт.

«Абал курч, акыркы жумада ооруп калгандардын саны тез өсүп кетти, ушуга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат. Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек, максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз беткап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш», — деди маламаттыкты сактоо министринин орун басары М.Каратаев.