Сүлүктүдө шахтадан газ чыгып, 4 адам каза болду

Автор -

Сүлүктү шаарындагы шахтада газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК «Кенчилер-Береке» шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушту.

Окуя болгон жерге ӨКМнын №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү