Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында митинг өтөт

Автор -

Бүгүн, 25-июнда, саат 11:00дө Жогорку Кеңештин алдында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы митинг өтөт. Бул тууралуу журналистБолот Темиров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралат.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.

Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.

Буга чейин аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.

Бөлүшүү