Бүгүн 21 медкызматкер коронавируска чалдыгып, жетөө айыгып чыкканы айтылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 21 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

• Бишкек ш. – 7
• Ош ш. – 3
• Ош облусунда – 1
• Чүй облусунда – 9
• Талас облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 669 учур катталды, алардын ичинен 403 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү