Кыргызстан, жакынкы кошуна республикалардан айырмаланып, 1-июлдан тартып Европа Биримдигинин аймагына кирүүгө уруксат берилүүчү өлкөлөрдүн баштапкы тизмесине кирген жок. Бул тууралуу маалыматты Euronews агенттиги жарыялап, тизме 25-июнда Брюсселде уюмдун өкүлдөрүнүн жыйынында талкууланганын кабарлады.
«Бейшемби күнү европалык чиновниктер кайсы өлкөлөргө уруксат берилбей турганы боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Сүйлөшүүлөр жума күнү да уланат», — деп айтылат маалыматта.
Ошону менен катар Euronews агенттигинин Европа Биримдигиндеги жеке булактары уюмдун тышкы чек арасы 1-июлдан тартып ачыларынан күмөнү бар экенин айтышкан.
Уруксат берилгени жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде 50дөн ашуун мамлекет бар. Кыргызстандын аймактагы кошуналары – Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бул тизмеге кирди.
Тизме ар бир өлкөдөгү коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен түзүлгөн.
Дүйнөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу Европа Биримдигине кирген өлкөлөр чек арасын жаап, бардык каттамдарды токтоткон. Бул чектөөлөр азыр акырындап алынууда.