Караколдо жол кырсыгынан бир адам каза таап, жаш бала жабыркады

Автор -

Каракол шаарында жол кырсыгынан улам бир киши каза таап, 18 жаштагы жигит жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык 26-июнь күнү саат 03:03 чамасында Пристань-Пржевальск айылына бара жаткан унаа жолдо болгон.

AUDI-A6 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 2002-жылы туулган бала оор жаракат алган.

ӨКМдин куткаруучулары каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү