Бишкектин Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Автор -
239

Бишкектин Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

«1-июль күнү саат 21:25те Чүй каналында белгисиз жарандын жансыз денеси агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө келип түшкөн. Бишкек шаары боюнча башкармалыктын куткаруучулары айтылган жерге барып, кебетеси европалык болгон эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү