Дагы 73 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

• Бишкек ш. – 32
• Чүй облусунда – 20
• Ош ш. – 7
• Ош облусунда – 7
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Баткен облусунда – 3
• Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында  994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү