Кыргызстанда сутка ичинде пневмониядан 29 бейтап каза болду

Автор -

Бир сутка ичинде Кыргызстанда пневмониядан 29 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин онлайн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, каза тапкандардын ону республиканын башка аймактарынан жана он тогуз адам Бишкектен.

Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 224 адамга жетти.