Алмазбек Атамбаевди ооруканадан Тергөө абагына которушту

Автор -

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди ооруканадан УКМКнын Тергөө абагына которушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти, деп жазат Kaktus.media.

Мекеменин маалыматына караганда, Атамбаев айыгып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп табылган.

«Дарыгерлердин консилиуму өтүп, анын жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын Тергөө абагына которуу чечилди. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп билдиришкен УКМКдан.

Эскерте кетсек, 30-июнда Атамбаевдин ден соолугу начарлап кеткени белгилүү болгон. Анын үй-бүлөсү экс-президентке атайын оору жуктурушту деген өңүттө билдирүү таратышкан. УКМК жооп катары Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана жакындары менен жолукканын, оору дал ошолордон жугушу мүмкүн экенин айткан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү