Тажикстанда жер титиреп, күчү Баткенде 5 баллга жетти

Автор -

Бүгүн, 9-июлда, саат 12:39да Тажикстандын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө КР Баткен облусунун Лейлек районунун Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү шаарында Лейлек районунун Исфана шаарында 4 балл, Катраң айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү