Бир күндө пневмониядан 32, коронавирустан 3 адам каза тапты

Автор -

Өткөн сутка ичинде 32 адам пневмониядан, 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавирустан каза тапкандардын экөө Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасында дарыланып жатышкан. Бири 65, экинчиси 51 жашта болгон.

Үчүнчү бейтап, 44 жаштагы эркек киши, Лейлек аймактык ооруканасынан каза тапкан.

Бир сутка ичинде пневмониядан 32 бейтап каза болду. Алардын ичинен 24 адам республика боюнча жана Бишкекте 8 адам.

Март айынан бери жалпы пневмониядан каза болгондордун саны – 382 адамды, коронавирустан каза болгондордун саны 125 кишини түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү