Сутка ичинде 79 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 79 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

• Бишкек ш. – 20
• Чүй облусунда – 34
• Ош ш. – 8
• Ош облусунда – 3
• Нарын облусунда – 5
• Жалал-Абад облусунда – 3
• Баткен облусунда – 6
Ал эми бир суткада 10 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1529 учур катталды, алардын ичинен 546 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү