Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Автор -

Эринес Оторбаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 13-июлда, президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү жарлыгы менен Оторбаев Эринес Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Эринес Оторбаев бул кызматка 2015-жылы 24-июнда дайындалган.