Абакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбековдун саламаттыгына эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына таянып, «Азаттык» билдирди.
Буга чейин саясатчынын уулу Азат Равшан «Твиттердеги» баракчасында «абакта атасы ооруп жатканын, анын өмүрү президент Сооронбай Жээнбековдун колунда экенин жана ага бирдеме болсо мамлекет башчысы жооп берерин» жазган.
Мурдараак саясатчынын тарапкерлери тамак оорусу кармап, канында канттын деңгээли көтөрүлүп жатканын, коронавирус же пневмония илдетинен таза экенин билдиришкен.
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.
Бишкек шаардык соту анын камакта калуу мөөнөтүн 18-июлга чейин узарткан. Сот саясатчынын үй камагына чыгаруу тууралуу арызын 8-июнда карап, канааттандырган эмес. Саясатчы ЖАМКга караштуу №1 тергөө абагында отурат.