Бишкекте күндүзгү стационарда иштеген ыктыярчы кыз каза болду

Автор -

Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы Адинай Мырзабекова аттуу студент кыз каза болду. Бул тууралуу аны менен чогуу иштеген ыктыярчы Бекзат Абдрахманов аттуу жигитке таянып, «Азаттык» жазды.

Абдрахмановдун айтымында, Адинай дагы өзү сыяктуу Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болчу. Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү «кызыл зонада» бир команданын курамында чогуу иштегенине 11 күн болгон.

14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. «Тез жардам» кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан, жардам көрсөтүлгөн эмес.

Ыктыярчы Абдрахманов атайын коргонуучу кийимчен иштөө оор экенин, Мырзабекова мурда-кийин ден соолугуна даттанбаганын, алар иштеген стационарда абалы оор эместер жаткандыктан, реанимациялык дары-дармек да, жабдык да жок экенин айтып, курсташ кызын ал жакка жөнөтөр алдында бир сыйра саламаттыгын текшеришсе, балким, оор жумушка салбай, аман калмагын белгиледи:

«Жумушту оордугуна жараша туура бөлүштүрүү үчүн жөнөтөр алдында кимдин кандай оорусу бар экенин текшеришсе болмок экен. Эгер биз Адинайдын саламаттыгы тууралуу маалыматыбыз болсо аны сактап кала алмакпыз. Эч кимибиз билген эмеспиз. Биз бул жакка өз ыктыярыбыз менен келгенбиз. Себеби жумушубуз – биздин жашообуз. Ректорат эч кимди мажбурлаган эмес».

Саламаттык сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Медициналык академия азырынча расмий маалымат бере элек.

Июль айынын башында Бишкекте ооруканаларда орун жок калып, шаар бийлиги кошумча күндүзгү стационарларды ачкан. Өкмөт дарыгер жок болуп жаткандыктан, медициналык билими барлардын баарын мобилизацияга чакырган.

Бөлүшүү