14-июль күнү «Манас» Эл аралык аэропортуна Екатеринбур-Бишкек маршруту менен «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы келди. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган каттам менен 186 кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар да бар.
Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруунун негизинде ишке ашырылды.
Бул каттам менен Орусиянын Урал федералдык округундагы жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Новый Уренгой, Курган, Ноябрьск, Пермь, Салехардда жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди.
Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Авиатраффик» авиакомпаниясынан билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү.
Бул каттам менен ошондой эле Бишкек шаарына Россиядагы мекендештердин арасынан медкызматкерлер (2 дарыгер, 2 фельдшер жана медайым) коронавирус инфекциясы жана өпкө сезгениши илдети менен ооруп жаткан бейтаптарды дарылап жаткан кыргыз медиктерине чын ыкластан жардам берүүгө кошулуу үчүн келишти.