Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек мэриясына 15 күндүзгү стационарда кезектин агымын уюштуруу жана тартипке келтирүү үчүн техникалык жардам катарында 40 ноутбук, 30 термопринтерди өткөрүп берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев билдирди.
Анын айтымында, кызматтын алдындагы «Инфоком» МИ тарабынан иштелип чыккан жана өлкөнүн Калкты тейлөө борборлорунда 4 жылдан бери колдонулуп жаткан электрондук кезек системасы оффлайн режиминде иштөөгө ылайыкталган.
«Күндүзгү стационарлардын бардыгында эле интернет байланышы жок болгондуктан, система оффлакезек чи) жана кезекке туруунун эки категорияга ээ – консультацияга кезекке туруу жана тамчылатма дары алууга кезекке туруу”, — деп билдирди КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев.
Анын айтымында жарандарга талон берилет. Медициналык кызматкерлер кезек менен чакырышат, талондордун номерлери тв-мониторлорунда визуалдуу көрүнүп турат.