АКШда коронавируска каршы вакцина ийгиликтүү сыноодон өттү

Автор -
207

АКШда COVID-19га каршы вакцинанын алгачкы сыноолору ийгиликтүү аяктады. Вакцинаны сыноодон өткөрүүгө 18ден 55 жашка чейинки 45 ден соолугу чың ыктыярчы катышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ден соолугу чың 45 ыктыярчыга 28 күндөн кийин экинчи дозасы берилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, вакцина коопсуз жана эч кандай оор абалга алып келбейт. Айдын аягына чейин вакцина 30 миң ыктыярчыга сыноодон өткөрүлөт жана ал бир нече айга созулат.

Азырынча адамдын организминде антителаны жаратат деген 100 пайыз ишеним жок жана вакцинаны канча жолу өткөрүү керек экени белгисиз. Бирок бардык сыноолор адамдын ден соолугун чыңдай турганы белгилүү болду.

Буга чейин Орусия дагы коронавируска каршы вакцинаны ийгиликтүү сыноодон өткөргөнү айтылган.