Бир суткада 85 өлүм. 74 киши пневмониядан, он бири коронавирустан каза тапты

Автор -

Өткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 11 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сакто министрлигинин бүгүнкү брифинги учурунда белгилүү болду.

Маалыматк караганда, Бишкектеги Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта), № 1 Шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта), Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта),
Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта),  Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта, Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик), Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта) каза болду.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 160 кишини түздү.

Ал эми өткөн сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча (20 адам өткөн 3 айдын ичинен Ысык-Көл облусунда каза болду) жана Бишкекте 17 адам. Март айынан бери жалпы пневмониядан каза болгондордун саны – 571 адам.

Бөлүшүү