Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков ишке чыкты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, 15-июлдан тартып ишине киришти.
«Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жана сол өпкөсү сезгенген. Биринчи вице-премьер-министр дарылоо курсунан өтүп сакайды. Ал кайрадан тапшырган анализдин жыйынытыгы таза деп чыккан», — деп айтылат маалыматта.