Бир сутка ичинде өлкө боюнча 105 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Алар төмөнкү аймактардан:
• Бишкек ш. – 25
• Чүй облусунда – 13
• Ош ш. – 19
• Ош облусунда – 14
• Жалал-Абад облусунда – 5
• Баткен облусунда – 21
• Ысык-Көл облусунда – 8
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1980 учур катталды, алардын ичинен 576 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.