2020-жылдын 16-июлуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 521 учуру катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек ш. – 273
Чүй облусу — 74
Ош ш. — 38
Ош облусу — 16
Жалал-Абад облусу — 43
Баткен облусу — 39
Ысык-Көл облусу — 30
Талас облусу — 8.
Эскерте кетсек, бүгүнкү брифингде Таласта 81 адамдан коронавирус табылганы айтылган, бирок кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы маалыматта катачылык кеткенин, 81 эмес, 8 адамдан табылганын билдиришкен.
Ошону менен жалпы республика боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 12 498 адамга жетти. Каза тапкандар — 167.