Медициналык бет кап кийип, үй каракташкан. Сокулукта кылмышка шектүүлөр кармалды

Автор -

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-июль күнү болжол менен саат 04:14 чамаларында Сокулук  районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде каракчылык болгондугу тууралуу маалымат  келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо ыкчам тергөө тобу
көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган.

«14-июль күнү болжол менен саат 03:10 чамаларында 20-25 жаш курактагы балдар
медициналык бет кап менен 38 жаштагы К.Н. аттуу жарандын үйүнө киришип,
үй ээсине күч колдонушуп, белгисиз курал менен коркутушуп, 4000 АКШ долларын, 60 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун алышып, «Хонда фит» үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бир катар ыкчам тергөө  иш-чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын жана Сокулук  РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 21 жаштагы Э.С.,  37 жаштагы Э.А., 20-жаштагы Т.К. жана Н.Б. аттуу жарандар кармалды. Учурда алардын башка дагы кылмыштарга тиешеси бары-жогу териштирилүүдө», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү