Бишкек шаарында үчүнчү түнкү стационар ачылды. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан «Салтанат» ресторанында 45 орунга ылайыкташтырылган түнкү стационар «Талас жаштар ынтымагы» уюмунун колдоосу менен ачылды. Бул жактан шаар тургундары кечки саат 21:00дөн 9:00гө чейин алгачкы медициналык жардамды, ийне, капельница жана медициналык кеңеш ала алышат.
Мындан тышкары, борбор калаада ооруган жарандарды дагы эки түнкү стационар кабыл алууда. Алар: 7-кичи райондогу «ДСК» спорт комплекси жана Фрунзе жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Консул» рестораны.