Бишкектеги стационарларда жалпы 10 бейтап каза болду

Автор -

Бишкекте учурдагы кырдаалга байланыштуу ачылган күндүзгү стационарларга бүгүнкү күнгө карата жалпы 41 миң 308 адам кайрылып, тилекке каршы, 10 бейтап каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн маалымат жыйыны учурунда айтты.

«16-июлга карата күндүзгү стационарларга 41 миң 308 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылып, 29 миң 705 бейтап тамчылатма дары алды. Андан тышкары 11 миң 366 адам медициналык кеңеш алып, 227 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, 10 бейтап каза болду», — деди Азиз Алымкулов.

Мындан тышкары, 14-июлдан бери шаарда 220 орундуу эки түнкү стационар ачылды. Ал жерде 34 медицина кызматкери жана 5 ыктыярчы бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө.