Ошто коронавируска чалдыккан бейтап өз жанын кыйды

Автор -
220

Ошто 65 жаштагы эркек киши шаардык клиникалык оорукананын экинчи кабатынан боюн таштады. Бул туурасында шаар милициясына таянуу менен 24.kg жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, жаран коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан жана реанимация бөлүмүндө болчу.

«Кечээ саат 22.00лерде ал палатанын терезесинен секирип кетти. Алган жаракаттарынан жеринде каза тапты. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү өлтүрүү катары катталды», — деп билдиришкен ИИБден.

Буга чейин ушул эле ооруканада COVID-19 илдетинен дарыланып жаткан 34 жаштагы аял дагы өз жанын кыйган.