Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү ыктымал.
«2020-жылдын 18-июлунан 19-июлуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.