Сутка ичинде өлкө боюнча 603 киши коронавирус жуктуруп алганы тастыкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары — 300;
Ош шаары — 67;
Чүй облусу — 82;
Баткен облусу — 53;
Ош облусу — 42;
Ысык-Көл облусу — 6.
Жалал-Абад облусу — 48;
Талас облусу — 5;
Жыйынтыгында өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 13 миң 101 адамга жетти.