Жаңы статистика: сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 1 654 адамдан табылды

Автор -

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандар менен пневмония оорусуна чалдыккандардын статистикасы бириктирилип берилип баштайт.

COVID-19 боюнча каттоо статистиканын өзгөрүшүнө ылайык, эки код киргизилди:

  • U07.1 – лаборатордук негизде тастыкталган COVID-19 (ПЧР+);
  • U07.2 – клиника-эпидемиологиялык COVID-19 (ооруканадан тышкаркы пневмония).

Жаңы статистика боюнча сутка ичинде коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 1 654 адам катталды:

Бишкек — 613
Ош – 67
Чүй облусу – 272
Ош облусу — 125
Талас облусу – 76
Нарын облусу – 39
Ысык-Көл облусу – 234
Жалал-Абад облусу – 134
Баткен облусу — 94

Ошентип 17-июлга карата өлкөдө COVID-19 инфекциясына жана пневмонияга чалдыккан адамдардын саны 23 783дү түздү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү