COVID-19 жана пневмония: вице-премьер статистиканы бириктирүү себебин түшүндүрдү

Автор -

COVID-19 жана пневмониянын статистикасы бир нече себептерден улам бириктирилди. Бул тууралуу бүгүнкү онлайн-маалымат жыйын учурунда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

«2020-жылдын 17-июлунда Өкмөт COVID-19 жана пневмония боюнча статистиканы бириктирүүгө өттү. Коронавирустук инфекциянын белгилерин дарылоо боюнча бирдиктүү мамиле иштеп чыгууда Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарып, ага ылайык, лабораториялык жактан тастыкталбаган, бирок клиникалык вирустук этиологиялык белгилери бар ооруканадан тышкаркы пневмония —  U07.2. кодуна тийиштүү. Натыйжада статистикалык жактан ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 бир көрүнүшү катары саналат», — деп билдирди вице-премьер-министр Аида Исмаилова.

Анын айтымында көптөгөн өлкөлөрдө ооруканадан тышкаркы пневмония COVID-19 боюнча жалпы статистикага киргизилбейт.

«Бирок биз статистиканы бириктиргенде COVID-19 инфекциясынан каза болгондордун саны жогорулап кетерине карабастан, экөөнү бириктирүү чечимин кабыл алдык. Бул маселе ар кыл эксперттер менен ар-кандай деңгээлде бир нече ирет, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо кеңсесинин кызматкерлери менен талкууланды», — деп кошумчалады ал.

Аида Исмаилова натыйжада статистика бир нече себептерден улам бириктирилгенин белгилеп кетти:

  • Бул оорунун чыныгы масштабдарын көрүүгө мүмкүндүк берет.
  • Ошондой эле эпидемиологиялык абалдын мындан аркы өнүгүү моделин туура болжолдоого көмөк берет.
  • Эпидемияга каршы күрөштүн туура стратегиялык багытын иштеп чыгып, муктаждыктарды туура пландаштырууга жардам берет.