Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эки жетекчиси дарылануусун чет жакта эмес, Бишкектеги инфекциялык ооруканада улантып жатышат. Бул тууралуу 20-июлда министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, министр Сабиржан Абдикаримовдун да, орун басары Нурболот Үсөнбаевдин да абалы жакшы.
«Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшевич бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жатышат. Абалы жакшы эле. Динамика жакшы эле. Кудай буюрса, жакында алар чыгышат. Чет мамлекетке кеткен эмес. Оору пайда болгондон кийин ооруканага жатышкан», -деди Каратаев.
Абдикаримов менен Үсөнбаев инфекциялык ооруканага түшкөнү 9-июлда расмий айтылган. Соңку күндөрү министрдин абалы оорлоп, ал дарылануусун Германияда улантып жатканы тууралуу сөздөр тараган.