Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды. Бул тууралуу өздүк булактарга таянуу менен Turmush басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
Өспүрүм кыз кош бойлуу болгонун билген эмес. Аны бир туугандары сокур ичеги болгон деген ой менен ооруканага жеткиргенде гана билишкен. Бир туугандардын апасы учурда Россияда иштейт. Кыз менен 2000-жылы туулган агасы былтыркы жылдын күз мезгилинде мас абалда жыныстык катнашта болуп, эртеси кечирим сураган.
Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы маалыматты тастыктап, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү кыздын жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришти.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүшкө алынганын билдирди.
Учурда иш тергелип жатат.