Жаңы окуу жылында биринчи чейрек онлайн окутулат

Автор -
265

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылына карата даярдыктарды бекитилген антикризистик планга ылайык жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын биринчи чейректеги окуу процессин аралыктан уюштуруу үчүн даярдыктар көрүлүп жатат. Эгер айрым аймактарда коронавирус илдетинин жайылышы кооптуу эмес деген санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын чечими чыкса, анда ал региондогу мектептерде окуу процесси дагы өзүнчө каралат.

Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги мектеп мугалимдерин, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан дистанциялык билим берүү процессине даярдана берүүсүн максатка ылайыктуу деп эсептейт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрүүсү менен окуучулар мектепке реалдуу режимде окууга келишет.

Тажрыйбалуу методисттерден, педагогдордон жана эксперттерден турган команда теле сабактардын мазмунун, жадыбалын, өткөн практиканы карап чыгып, аларды тартууга киришти. Сабактар мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтыйт. Аны тартууда эң ириде анын сапатына, маңызына көңүл бөлүнүп, компетенттүүлүк мамилеге негизги басым жасалууда. Бул максатта конкреттүү методикалык жана техникалык талаптарды камтыган атайын методикалык колдонмо иштелип чыкты. Буга кошумча мугалимдер жана методисттер үчүн окутуулардын цикли уюштурулуп, ийгиликтүү тажрыйба республиканын мугалимдерине да жайылтылат. Окуучуларды онлайн-тестирлөөгө мүмкүндүк берген платформаны жакшыртуу иштери улантылууда. Окуу китептерин электрондоштуруп, аларды kitep.edu.gov.kg платформасына жайгаштыруу да учурда жасалып жатат. Дистанциялык билим берүүнүн өркүндөтүлгөн технологиялары кеңири колдонууга алынат